Казакстанда рахмат айтуу күнү белгиленди. Бул дата
кокусунан тандалган эмес. Дал ушул жалган куран айынын 1де Казакстан эли
Ассамблеясы түзүлгөн. Ошентип, өлкөдө бул майрам 2016-жылдан бери массалык
түрдө белгиленип келет. Бүгүнкү күндө Казакстандын көк желеги 120дан ашуун
улуттарды жана элдерди бириктирет. Бир түндүктүн астында ынтымагы ыдырабай,
биримдикте өмүр сүрүп келет. Касым-Жомарт Токаев бул биримдик менен ынтымак кыйын
кезеңдерди жеңип, бирдиктүү өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп келе жатканын
белгиледи. Дал ушул баалуулуктар жалпы улуттук уникалдуулуктун ажырагыс бөлүгүнө
айланды. Бул күнү бардык казакстандыктар өз бир тууганына, мекендештерине жана
өлкөсүнө ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерин айтышат.
Закиржан Кузиев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Бул күн - өткөнгө таазим кылып, келечекке ишенимдүү
кароого чакырган майрам. Көптөгөн элдер тагдырдын буйругу менен Казакстанга
көчүп келишкен. Казак калкы өзгөнү өзүндөй көрүп, меймандостугун көрсөтүп, нан
менен тосуп алды. Ушундай оор мезгилде мажбурлап жер которгон элдердин боор
тартып калган кайрымдуу урпагы казак элине ыраазычылык билдириши керек.
Казакстан эли Ассамблеясы баарыбызды бир кызыкчылыкка бириктирди. Достук
уюмунун 30 жылдыгынын алкагында жалпы өлкө аймагында миңге жакын масштабдуу
иш-чаралар өтөт.
- Казакстанда 70 жылдан бери жашап келем. Бул куттуу
жерде жашоо бактысы үчүн өлкөгө чоң рахмат айткым келет.
- Жалпысынан мен өлкөгө, элге ыраазымын. Жан шеригибиз, жашоого бирдей аралашканыбыз, ушундай үй-бүлөбүз, балдарыбыз бар жана ушундай жашоодо жашап жатканыбыз үчүн рахмат айтам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

