Ишеним телефон номери аркылуу 20 миңге жакын адамга жардам көрсөтүлдү

Ишеним телефон номери аркылуу 20 миңге жакын адамга жардам көрсөтүлдү

20 миң казакстандык 1414 ишеним телефонуна чалып, онлайн кеңештерин алышкан. Ишеним телефонуна террористик актылардан жапа чеккен, жакындарын жоготкон жана психоэмоционалдык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан жарандар кайрылган.

Ерлан Мустафин, психолог:

- Арыз бергендердин көбү Алматы шаарынан. Маалыматтын жоктугунан, кооптонгондор бар. Алар эмне болуп жатканын билбей, чочулап, стресс болуп, телефон чалышкан.

Бекболат Молдабеков, КРнын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:

- Жарандардын инимди, агамды таба албай жатабыз деген чалууларына жардам бердик. 126 адамды таап берип, кайра байланыш орнотуп, жардам көрсөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен, милициядан келген жарандардын тизмеси бар болчу. Эгерде ал тизмеде жаран жок болсо, аты-жөнү же фамилиясы боюнча кайра байланыш аркылуу маалымат берилет.

Ошондой эле, жарандар Бирдиктүү байланыш борборуна телефон чалып, мыйзамсыз иштер тууралуу билдирип жатышат. Жалпысынан мындай чалуулардын саны 350дөн ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков