COURSERА курстары казакстандык студенттер үчүн жеткиликтүү болот

COURSERА курстары казакстандык студенттер үчүн жеткиликтүү болот

Анын үстүнө программанын биринчи этабы ушул айда башталат. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек АКШга болгон иш сапарында билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнөлүк билим берүү платформасынын 50 келечектүү курстары казак жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Алар программалоо жана санариптештирүү, математика, физика, маркетинг жана башка тармактарды камтыйт. Белгилей кетсек, мындай долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашуулар Казакстандын президентинин 2022-жылдын аяк оона айындагы Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында жетишилген. Стэнфорд университетинин профессорлору тарабынан түзүлгөн глобалдык онлайн окутуу платформасы дүйнө жүзү боюнча 77 миллиондон ашык студенттерди камтыйт. Ошондой эле,  275 алдыңкы университеттер жана компаниялар менен ийгиликтүү кызматташат. Жакынкы үч жылда 100 миңге жакын казак студенти Курсера платформасына кире алары күтүлүүдө.

Саясат Нурбек, илим жана жогорку билим берүү министри:

- Биринчи кезекте Казакстандын аймактарындагы ЖОЖдордун студенттери дүйнөлүк онлайн платформага кире алышат. Демек, биринчи этапта 25 миңден ашык студент Курсера платформасынын эң мыкты курстарын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Башкача айтканда, биздин студенттерге билимдерин толуктоо, ар кандай сабактар боюнча кандайдыр бир теманы кошумча талдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Казакстанда академиялык хаб түзүлөт

Министр белгилегендей, Казакстандын негизги академиялык хаб болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Республикада Американын беделдүү университеттеринин филиалдарын ачуу, ошондой эле чет элдик студенттерди тартуу пландаштырылууда. Сент-Колледж шаарында Саясат Нурбек Пенсильвания штаты университетинин президенти менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар университеттин бюджетинен казакстандык студенттер үчүн бир жарым миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүүнү макулдашышты. Алар өзөктүк технология, айыл чарба, генетика, биотехнология жана укук тармагындагы талап кылынган кесиптерди өздөштүрө алышат.

Стив Барнес, Пенсильвания штаты университетинин эл аралык программалар боюнча мүдүрү:

- Казакстандан жүздөгөн балдар Пенсильвания университетинде, анын ичинде «Болашак» программасы боюнча бизден билим алышты. Эми Казакстандын билим берүү тармагына инвестиция салуу ниетибиз бар. Казак студенттеринин билим базасы жакшы. Мындан тышкары, жаңы билимдерди өздөштүрүүдө каалоосу абдан чоң.

Которгон: Илгиз Жамалбеков