Быйыл “Жаш казак” жайкы этно-лагеринде дүйнөнүн 8
өлкөсүнөн 200 бала эс алды. Курорт Казакстандын эң кооз жерлеринин бири болгон
«Бурабай» курортунда жайгашкан. Кытай, Иран, Орусия, Беларусь, АКШ, Моңголия,
Кыргызстан жана Өзбекстанда жашаган этникалык казак балдары эки жума бою
кызыктуу ден соолук жана билим берүү программалары менен камтылды. Алардын ар
бири өз эне тилин тарыхый мекенинде үйрөнүп, казак элинин ат минүү, жаа атуу,
каада-салты, кол өнөрчүлүгү сыяктуу нукура маданияты менен таанышып,
ата-бабаларынан калган кесипке күбө болушту.
Абзал Сапарбек уулу, «Мекентешдер» фондунун президенти:
Долбоордун дагы бир максаты бар. Бул Казакстанга келип, аны көргөн балдарды келечекте биздин өлкөдөн билим алууга чакыруу. Андыктан бул жерге катышкан балдардын көбү акыркы класста окуп жаткан балдар. Бүгүн сиздердин кесиптешиңиз сурамжылоо жүргүздү. Ар бир 5 баланын төртөө келечекте Казакстанга келип окууну кааларын билдиришкен.
Моңголиядан
келген Иманбек Книяз уулу Ата-журт топугарын биринчи эле басканын айтат. Бала кездеги
кыялым орундалды. Тарыхый мекенинде болгон аз убакыттын ичинде ал домбра
чертүүнүн ыкмаларын мыкты өздөштүргөн. Улуттук аспапка болгон кызыгуу тукум
куучулук экенине ишенет. Ал кандаштары менен жолугуп, достошконуна кубанат.
Эми ал бул жерде үйрөнгөндөрүн этнолагердин жабылыш аземинде көрсөтмөкчү.
Иманбек Книяз уулу, лагердин катышуучусу/Моңголия
Мында баары менен таанышып, баары менен достоштум десем
болот. Ирандан, Орусиядан, Өзбекстандан, Кыргызстандан, Кытайдан келгендер бар
экен. Бул жер мага абдан жагып жатат. Казакстан кооз экен. Күн сайын бизге
казак тили сабагы, тарых, жаа атуу, домбра сыяктуу кызыктуу сабактарды беришет.
Азыр биз
кечки жабылыш аземине даярданып жатабыз.
Орусиянын жараны
Дана Жумабаева домбра ийримине үзгүлтүксүз катышып келген жигердүү казак
жаштарынын бири. Улуттук аспапта ойнобосо дагы, казактын бир нече күүсүн ойной турган
деңгээлге жеткен. Келечекте бул хоббисин профессионалдуу түрдө өнүктүрүүнү
каалайт.
Дана Жумабаева, лагердин
катышуучусу/Москва
Элибиздин аспабы
болгон домбрада ойногонду жакшы көрөм. Ага чейин гитарага кызыкчумун. Бул өнөр
мага барабанды тез үйрөнүүгө жардам берди. Мен издегенимди таптым деп ойлойм.
Домбра үнү мени арбап алды. Балдардын баары менен тил табыштым. Жаңы досторум
менен коштошкум келбейт. Лагердин өзү сезимдерге бөлөдү. Абдан кооз,
ыңгайлуу, жагымдуу экен.
Долбоорго
негизинен казак искусствосуна жакын таланттуу балдар тартылган. Алар атайын
сынактын талаптарына ылайык тандалып алынган. Ар кимдин казак тилин жана
Казакстандын тарыхын билүү деңгээли текшерилди.
Айша Октаубаева,
лагердин катышуучусу/Барнаул
Мен жаңы досторду таптым жана Казакстанга болгон көз
карашымды кеңейттим. Бул жерге казак тили боюнча сынактан жолдомо алгам. Сынак
Алтай аймагында өттү. Ага 100 адам катышты. Алардын ичинен 4 гана адам
мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду.
Этникалык казак балдарына арналган этно лагерь 2019-жылы ачылган. Ошондон бери суроо-талап артып келет. Болгону дүйнөлүк пандемиядан улам ал эки жыл катары менен конокторду кабыл ала алган эмес. Курорттун иши 2022-жылы жанданып, келгендердин саны эки эсеге көбөйгөн. Балдар келерки жылы Казакстанга кайтып келип, ыктыярчылык иш менен алектенүүнү ниеттенишүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков