Португалияда жыл сайын өтүүчү ART&TUR эл аралык туристтик тасмалардын фестивалында саякат тууралуу казакстандын видеоролиги эки баш байгени жеңип алды. Анда Улуу Дала өлкөсүнүн кооз жаратылышы жана тарыхый-маданий объектилери чагылдырылган. 2 мүнөттүк видеодо Катар, Бельгия жана Казакстандык саякат блогерлеринин Алматыга жана ыйык Түркестан аймактарына болгон сапары көрсөтүлүп, ал өлкөнү жаңы өңүттөн таанып-билүүгө чакырат.
Ернур
Кенжебеков, «Kazakh Tourism» басма сөз катчысы:
- «Kazakhstan -
Like Never Before» видеоролиги «Мыкты өлкө видеосу» жана «Мыкты жарнамалык
кампания» номинацияларында жеңүүчү деп табылды. Бул тармактагы биринчи
ийгилик эмес. 2021-жылы фестивалдын алкагында «Кazakh Tourism» улуттук
компаниясы тарабынан даярдалган
«Travelstan» видеоролиги эң мыкты улуттук видео наамга татыктуу болгон.
Ал эми өткөн жылы «Томас менен Люси Аткинсондордун Казакстанга көз карашы» аттуу
коммуникация долбоору экинчи орунду жеңип алган.
Белгилей кетсек, эл аралык калыстар тобунда кино, туризм, маркетинг жана коммуникация тармагындагы адистер бар. Сынакка дүйнө жүзү боюнча жарнамалык кампаниялар, тасмалар, анимациялар, автордук саякат видеолору, даректүү жана веб-документалдуу фильмдер менен телепрограммалар кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков