Аймакта квота көбөйтүлдү. Ар бир үй-бүлөгө бир жолку жана ай сайын төлөнүүчү материалдык колдоо көрсөтүлөт. Жыл өткөн сайын тарыхый мекенине кайтууну каалагандар көбөйүп жатканын адистер белгилешет. Ошентип, өткөн жылы жүздөн ашуун жаран кандаш макамын алды. Негизинен аталган аймакка Өзбекстан, Кытай, Түркмөнстан, Монголиядан мекендештер келишет. Ошондой эле былтыр Орусиядан казак улутундагы 66 үй-бүлө көчүп келген.
Анна Попова, Акмола облусу боюнча полиция департаментинин алдындагы миграция кызматы башкармалыгынын орун басары:
- 2022-жылы Акмола облусунун аймагына Ооганстандан 35 мекендешибиз келип, учурда жашап жаткан кандаштар 28 адам Акмола облусунун аймагында туруктуу каттоого турушкан. Бүгүнкү күндө 7 адам Казакстан Республикасынын жарандыгын алышкан. Күзүндө да Түркмөнстандан 48 кандаштар келди.
Жыргау Туганбай уулунун үй-бүлөсү Монголиядан көчүп келген. Азыр алар Кызыл Жар айылында жашашат. Алар көптөн бери тарыхый мекенине кайтууну кыялданып, бирок көпкө чейин чече албай келишкенин айтышат. Монголияда Жыргау коомдук иштер менен алектенип, жергиликтүү маслихаттын депутаты болгон.
Жыргау Туганбай уулу, Кызыл Жар айылынын тургуну:
- Бул жерде биз үй-бүлөбүз менен бизнесибизди өнүктүрүүнү чечтик. Мамлекет тарабынан жакшы колдоолор болду. Азык-түлүк дүкөнүн ачып, мал-жандык сатып алдык. Биз акырындап өнүгүп жатабыз. Мындан тышкары айылдын коомдук иштерине жигердүү катышам. Көчүп келгениме өкүнбөйм, туура чечим кабыл алдым деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков