Казакстанда өткөн суткада коронавирус жуктурган 454 жаңы учур катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө оорулуулардын саны 1 миллион 309 миңден ашты. Азыркы учурда илдетке каршы 2837 адам дарыланууда, анын ичинен 291 бейтап стационарда жатат. Ошондой эле, вируска каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 9 миллион 532 миңден ашуун казакстандык толук вакцина алды. Ал эми 4 миллион 866 миңдей тургун ревакцинациядан өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков