Казакстанда коронавирус жуктуруу динамикасы басаңдап, эпидемиологиялык абал турукташууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, акыркы 14 күндө буга чейинки эки жумага салыштырмалуу бейтаптардын көрсөткүчү 20% азайган. Буга ылайык, ооруканалардагы бош орундардын саны артты.
Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:
- Региондордун ичинде бугу айынын 18не карата инфекциялык ооруканалардын толушу 36%, ал эми жандандыруу бөлүмдөрүндөгү орундардын толушу 28% түздү. Инфекциялык орундардын максималдуу толушу Нур-Султан шаарында 49%, Алматы облусунда 45%, реанимациялык орундардын толушу Нур-Султанда 52%, Алматыда 47% түздү.
Ошондой эле, министр бугу айынын аягына чейин «QazVac» жана «Hayat Vak» вакциналары алынып келинерин билдирди. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөдө 2,6 миллион вакцина колдонулган. Анын биринчи компоненти менен болжолдуу 1,9 миллионго жакын, экинчиси менен 800 миңге жакын адам камтылды. Буга байланыштуу премьер-министр Аскар Мамин эмдөө өнөктүгүн графикке ылайык жүргүзүп, аны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.
Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:
- Акимдер маселени өзгөчө көзөмөлгө алышы керек. Адамдарга вакцина тандоо укугу жана тийиштүү маалымат берилүүгө тийиш. Айрыкча, Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөлөрдүн аралыгын так аныктап, калктын каалоосуна көңүл бурушу керек. Аны менен катар, чектөө чаралардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча мониторинг топторунун ишин улантуу зарыл.
Өкмөттүн отурумунда өлкө боюнча ишке ашырылган «Ashyq» тиркемесинин натыйжалуулугу белгиленди. Тутум ишке киргенден бери «кызыл» жана «сары» макамы менен 3 миңден ашуун келүүчү аныкталды. Алардын ичинен 1800дөн ашууну ПЧР-тестинин оң натыйжалары бар бейтаптар, калгандары байланышта болгон адамдар. Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө «Ashyq»
тутуму кызматтын бардык тармагында болжол менен 6 миң объектини камтыйт жана 1,4 млн колдонуучу катталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков