Казакстанда коронавирус жуктуруу учурлары кайрадан көбөйдү. Өткөн суткада кооптуу инфекция 796 адамдан аныкталды. Эң жогорку көрсөткүч Павлодар облусунда. Аймакта 100 адам аталган илдетке чалдыккан. Андан кийин Нур-Султан шаарында 99 бейтап аныкталса, Алматыда вирус жуктуруунун 91 учуру катталды. Жалпысынан өлкө боюнча 204 миң 055 адам илдетке чалдыккан. Мындан тышкары, өткөн суткада 1 миң 51 адам коронавирустан айыгып чыкты.