Өлкө аймактарындагы эпидемиялык абал курч бойдон калууда

Өлкө аймактарындагы эпидемиялык абал курч бойдон калууда

Өлкө аймактарында эпидемиялык абал туруксуз. Караганды облусунда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү өстү. Баш оона айынын 1нен аталган аймак кочкул кызыл аймакка кирди. Региондун ооруканаларында оор абалдагы бейтаптардын саны көбөйдү. Бүгүнкү күндө 45 бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Карагандыда кошумча 400 керебет кайра ачылды жана тез жардам бригадаларынын саны 150гө көбөйтүлдү. Жугуштуу оорулар госпиталдары 52 пайызга толгон. Облуста коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин болгону 320 миңден ашуун адам гана алган.

Гамаль Токсамбаев, облусттук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы

- Азыркы учурда жандандыруу жана күндүзгү бөлүмдөрдө вакцина алгандан кийин абалы начарлап кеткен бир дагы бейтап жок. Бул эмдөөдөн өткөндөр инфекция жуктурган күндө деле оору жеңил өтүп жатканын көрсөтүп турат. Туруктуулукту сактап калуу үчүн биринчи кезекте вакцина алып, жамааттык иммунитетти калыптандырышыбыз керек. Калктын жок дегенде 70 пайызы эмделүүгө тийиш.

Ал эми Шымкентте коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны көбөйдү. Үстүбүздөгү айда 300дөн ашуун адам өлүмгө алып келген кооптуу илдеттен көз жумду. Саламаттыкты сактоо башкармалыгы вирустан көбүнчө өнөкөт оорусу бар улгайган адамдар кайтыш болуп жатканын маалымдады. Бирок, клиникалык изилдөөлөргө ылайык, акыркы мезгилде ковидден каза болгондордун басымдуу бөлүгү - жаштар.

Бакытжан Позилов, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы

- Негизинен бизде көбү кант диабети, кан басымы жана башка өнөкөт өпкө оорулары менен алтымыш жаштан ашкан адамдар каза болуп жатат. Бирок, 2020-жылга салыштырмалуу коронавирус жуктургандардын арасында жаштар көп. Эпидемиядан жабыркагандардын арасында азыр 35-40 жаштагылар да бар.

Ал эми Батыш Казакстанда илдет жугузуу көрсөткүчү азайган. Коронавирустун жайылуу коркунучу боюнча, «кызыл аймакта» жайгашкан облуста коронавирус-бейтаптарынын саны эки эсеге кыскарды. Ошондуктан карантин талаптары жөнөкөйлөтүлдү. Эми коомдук транспорт ишемби жана

жекшемби күндөрү да каттайт. Ачык базарлар дагы кадимки иш тартибине кайтты. Соода үйлөрүнүн жана коомдук тамактануу жайларынын иштөөсүнө чектөөлөр азырынча сакталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков