Казакстан учуу коопсуздугу боюнча КМШ аймагында лидер

Казакстан учуу коопсуздугу боюнча КМШ аймагында лидер

Учурда өлкөнүн учуу коопсуздугунун стандарттарына ылайык келүү деңгээли 82%ды түздү. Мындай көрсөткүч Евробиримдиктин Дания, Польша сыяктуу өлкөлөрүнө тең келет. Бул тууралуу Инудустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Марат Карабаевдин айтымында, бул өз кезегинде Казакстанды аба транзити үчүн тартымдуу кылды. Маселен, өткөн жылы бул багыттагы кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 410 миң учакка жетти. 2021-жылга салыштырмалуу өсүш 90 %ды  түздү.

Марат Карабаев, индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- 2019-жылы жарандык авиация системасы коопсуздуктун деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатууну камсыз кылуу максатында европалык моделдин негизинде түп-тамырынан бери реформаланган. Казакстандын авиациялык администрациясы түзүлдү. Мыйзам чыгаруу деңгээлинде ага жарандык авиация тармагында көзөмөлдөө функциялары берилди. Бул уюм түзүлгөндөн бери 934 текшерүү жана сертификаттоо жүргүзүлүп, учуу иштерине 1500гө жакын уруксат документтери берилген.

Аба каттамын тандаган жүргүнчүлөрдүн саны да артып келет. Өткөн жылы ата мекендик ишканалар 11 миллион адамды ташышкан. Бул 2021-жылга караганда кыйла көп. Жалпысынан бүгүнкү күндө 100дөн ашык каттам боюнча 27 мамлекет менен аба байланышы бар. Быйыл өлкөдөн 9 жаңы эл аралык каттамдарды ачуу пландалууда. Жаңы тенденция жакынкы жылдарда да уланат.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- 2025-жылга чейин дүйнөнүн 17 шаарына, анын ичинде Нью-Йорк, Женева, Сингапур, Вена жана Парижге жаңы каттамдар ачылат. Эл аралык каттамдарды кеңейтүү башка өлкөлөр менен соода-экономикалык, инвестициялык, туризм жана маданий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков