Казакстанда жыл аягына чейин 7 миң чакырым жол оңдолот

Казакстанда жыл аягына чейин 7 миң чакырым жол оңдолот

Жыл аягына чейин Казакстанда 7 миң чакырымдан ашык жолду оңдоп, пайдаланууга берүү пландалууда. Бүгүнкү күндө «Караганды – Алматы», «Талдыкорган – Өскемен» жана «Актобе – Атырау - Астрахань» ири каттамдарын жана түйүндөрүн оңдоо иштери аяктоодо. Тармактык министрликтин маалыматы боюнча, жүргүзүлүп жаткан иштер жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөп, жол кыймылын жөнгө салып, жол коопсуздугун камсыздайт. Мындан тышкары, Түркестан облусунун Шакпак баба ашуусундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушу аяктоодо. Бул «Батыш Европа - Батыш Кытай» транспорттук коридорунун бөлүгү. Мындан тышкары, быйыл Алматы облусундагы «Шамалган» станциясындагы өткөөл пайдаланууга берилет. Анын жардамы менен темир жол аркылуу транспорт агымы тоскоолдуксуз жана коопсуз өтүшү мүмкүн. Дагы бир ири долбоор-өлкөнүн чыгышындагы Буктырма суу сактагычына салынып жаткан көпүрөнүн да курулушу аяктап калды.

 

Даулет Мейрамов, Казакстандын Транспорт министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси:

 

Казакстандын транспорт министрлиги 2029-жылга чейин транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү программасынын алкагында 4 миң чакырым жолду реконструкциялоого ниеттенүүдө. Анын ичинде «Актөбө – Ертайсын», «Караганды – Жезказган» жана Сарыагаш шаарын айланып өтүү. Бул долбоорлорду ЕРСМ -макулдашуулар аркылуу ишке ашыруу пландаштырылууда. Бул бир компания долбоорлоо, куруу жана андан ары эксплуатациялоо үчүн толугу менен жооптуу экенин билдирет. Мындан тышкары, быйыл өлкөнүн түштүгүн борбор менен байланыштырган «Кызылорда – Жезказган» жол долбоору ишке ашырыла баштады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков