Чет элдик туристтер өлкөнүн аймагына киргенде казак тилиндеги фразалар менен тааныша алышат. Өкмөт чет элдик саякатчылар үчүн чек арада QR-коддор киргизиле турганын билдирди. Мындан тышкары гиддер, таксилердин баасы, электрондук сим-картаны сатып алуу сыяктуу керектүү маалыматтар берилет. Казакстанга кызыккан жарандар туристтик кооз аймактардын рейтингин да көрө алышат. Учурда буга мүмкүндүк берүүчү электрондук платформа иштелип жатат. Анда ыңгайлуу навигация, интернет жеткиликтүүлүгү жана туристтик агенттиктердин кызматтары эске алынат. Мындан тышкары, квалификациялуу гиддердин бирдиктүү маалыматтык базасы түзүлүүдө. Өлкөгө чет элдик саякатчылардын агымын көбөйтүү үчүн маданий, агро жана экологиялык туризм багыттары иштелип жатат. Ошондой эле, ТОП-20 туристтик аймактарды өнүктүрүү боюнча жол карталарын бекитүү пландалууда.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Казакстандын
чет өлкөлөрдөгү туристтик дарамети тууралуу маалымат өнөктүгү менен камсыз
кылуу зарыл. Туризм жана спорт министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги
менен биргеликте туризм тармагын санариптештирүү жана тейлөө сапатын
жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүүгө тийиш. Ошол эле учурда,
санариптештирүүнүн толук циклин жана чет өлкөлүк туристтердин келгенинен
кеткенге чейинки бүткүл мезгилин, ички туризм боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн
бардык спектрин камтуу маанилүү.
Быйыл чет элдик туристтердин саны эки эсеге өскөнү байкалат. Жалпысынан 80 өлкөнүн жарандары Казакстанда визасыз жүрө алышат. 109 өлкөдөн келген чет элдиктер үчүн электрондук виза алууга болот. Эл аралык аба каттамдарынын географиясы да кеңейип келүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков