Казакстанда чакан жана орто бизнес тармагы динамикалуу өсүүдө. Өлкөдөгү
чакан жана орто ишканалардын саны дээрлик 3 пайызга көбөйүп, 2 миллион 180
миңге жетти. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, алардын ичинен эки миллиондон
ашууну иштеп жатат. Белгилей кетсек, ишкерлер ушул жылдын биринчи кварталында
16 триллион теңгеден ашык продукция өндүрүшкөн. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине
салыштырмалуу 22% га көп. Ошентип, өлкөнүн ИДПсындагы чакан жана орто бизнестин
үлүшү дээрлик 38 пайызды түздү. Белгилей кетсек, азыр Казакстанда чакан
жана орто ишканалардын басымдуу бөлүгү жеке
ишкерлерге туура келет. Андан кийин дыйкан
жана фермердик чарбалар турат. Айта кетсек, иштеп
жаткан чакан жана орто ишканалардын эң көп үлүшү Түркестан
жана Костанай аймактарына, Улытау
облусунда катталган. Мындан тышкары, ишканалар соода, оңдоо, айыл
чарба, токой жана балык чарбасында иштешет. Өнүмдү
чыгарууга өндүрүш өнөр жайы жана курулуш ишканалары да олуттуу салым кошушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков