Мындай божомолду өлкөнүн Улуттук банкы жасады. Адистердин айтымында, мындай көрсөткүчтөргө ички суроо-талаптын кеңейиши, экспорттун көбөйүшү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен жетишүүгө болот. Докладда белгиленгендей, бирдин айынын аягынан тарта экономикада ишкердик жигердүүлүк кыйла тездеди. Үчтүн айы-чын куран айларында өнүмдү өндүрүү 4,8%га, көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 4,9%га өскөн. Бул экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары менен колдоого алынган керектөө жана инвестициялык суроо-талаптын тынымсыз ишке ашырылып жаткандыгын көрсөтүп турат. Ошондой эле ички суроо-талаптын өсүшү мүмкүн. Чарбанын чыгашаларынын жогорку деңгээли эмгек акыны жогорулатуунун эсебинен болот. Инфляцияны төмөндөтүү менен элдин кирешеси көбөйөт деп болжолдонууда. Мамлекеттик сектордун суроо-талаптары да сакталып, инвестициялык активдүүлүктүн кеңейиши ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Экономиканын өсүшүнө экспорт менен катар эле соода өнөктөштөрдүн аймактарында мунай өндүрүүнүн көбөйүшү жана тышкы суроо-талаптын өсүшү да шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков