Казакстандын президенти Кытай өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маанилүү, деди мамлекет башчысы.
Касым -Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Казакстан үчүн Кытай Эл Республикасы өзгөчө мааниге ээ. Биздин кызматташтыгыбыз бузулбас достукка жана бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө негизделген. Биздин жалпы максат – эки тараптуу мамилелерди жигердештирүү. Бизди аймактык, эл аралык коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоо каалоосу да бириктирип турат. Биз үчүн Кытай менен түбөлүктүү ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү абдан маанилүү.
Өз кезегинде Кытайдын төрагасы Казакстандын президентине чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Си Цзиньпин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы:
- Бул күнү сиздер Кытайга мамлекеттик сапар менен келдиңиздер, бул биздин эки тараптуу кызматташуубуздун жогорку деңгээлин чагылдырып, Кытай менен тыгыз байланыштарыңызды дагы бир жолу тастыктайт. Эки өлкө кытай-казак мамилелеринин “алтын 30 жылдыгынын” жаңы барагын ачты. Биздин мамлекеттер достук салттарын, өз ара колдоо көрсөтүүнү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүлөрү зарыл.
Казакстан аркылуу Кытай ири көлөмдөгү өнүмдөрдү, анын ичинде ата мекендик өндүрүштү экспорттоп, импорттоп жатат. Ошол эле учурда Казакстан товарлардын түрлөрүн кеңейтүүгө даяр. Өткөн жылы эле айыл чарба өнүмдөрүнүн өз ара соодасынын көлөмү 780 миллион доллардан ашты. Жалпы товар жүгүртүү 31 миллиарддан ашык сомду түздү. Касым-Жомарт Токаев кытайлык кесиптешине 2030-жылга чейин чекти 40 миллиард долларга коюуну сунуштады. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстан менен Кытай дээрлик 21 миллиард долларлык 52 биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Алардын 25и пайдаланууга берилди.
Ерлан Зейнешев, Казакстан Республикасынын ТИМнин инвестиция боюнча комитетинин төрагасы:
- Бизде үлүш планында 27 долбоор бар. Алардын айрымдары ишке ашыруу тепкичинде, заводдордун курулушу жүрүп жатат, же долбоордук документтерди даярдоо стадиясында. Ошондой эле бул жаатта биз келечектүү деп эсептеген 8-9 долбоор бар, алар боюнча азыр жигердүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок биз түз ишке ашыра элекпиз. Ал эми мамлекет башчынын иш сапары биздин инвестициялык кызматташуубузга, атап айтканда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошумча түрткү берет деп ишенебиз.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптардын өкүлдөрү 20дан ашык документке кол коюшту. Атап айтканда, Казакстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу тууралуу макулдашуу. Жолугушуунун соңунда, эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков