Миссиянын өкүлдөрү аскер учактары менен жабыркаган тургундарга чатырларды, жууркандарды, матрацтарды жана башка керектүү буюмдарды алып кетишти. Бул Сириянын борборуна жиберилген үчүнчү каттам. Алдыда дагы бир каттамды жеткирүү пландалууда. Гуманитардык жүктүн жалпы көлөмү 50 тоннаны түзөт. Акыркы маалыматтар боюнча, бул жерде жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5700дөн ашты. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, араб өлкөсүндө табигый кырсыктардан улам 5 миллион 300 миң адам үйсүз калды.
Түркияда зилзала курмандыктарынын саны артты
Ал тапта Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 32 миңге жетти. Жер титирөөдөн 10 провинцияда жашаган 16 миллиондон ашык адам жабыркады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков