Казакстанда окуу китептеринин 80%ы санариптик форматка өткөрүлдү

Казакстанда окуу китептеринин 80%ы санариптик форматка өткөрүлдү

Казакстан келерки жылы бардык окуу китептерин санарип форматка толугу менен өткөрүү ниетинде. Өлкөнүн  окуу-агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 80%ды түзөт. Электрондук формадагы китептер мамлекеттик экспертизадан өтүп, окуу-методикалык комплекстердин тизмесине киргизилген.

Мереке Нурмуханова, КР окуу-агартуу министрлигинин басма сөз катчысы:

Санариптик окуу китептерин иштеп чыгууга өлкөнүн 11 басмаканасы тартылган. Дисциплиналарды окутууда инновациялык ыкмаларды киргизүү максатында аларды окутуучулар тарабынан колдонуу үчүн методикалык сунуштар иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө республика боюнча башталгыч класстар үчүн окуу китептеринин 94%ы,  5-9-класстар үчүн китептердин 81%ы, 10-11-класстар үчүн китептердин 61%ы электрондук вариантка которулду.

Белгилей кетсек, мектептерде электрондук китептер менен катар мультимедиялык контент менен санариптик билим берүү ресурстары активдүү колдонулууда. Алар кошумча окуу материалы катары колдонулат. Бүгүнкү күндө 50 миңден ашык санариптик окуу материалдары түзүлдү. Быйылкы жылдын башынан бери аларга 6500дөн ашык казак мектептери кошулган. Бүгүнкү күндө 3 миллионго чейин окуучулар жана мугалимдер санариптик билим берүү контентин күн сайын колдонушат. Алар бардык класстар үчүн 50 миңден ашык видеосабактарды чыгарышкан.

Которгон: ИлгизЖамалбеков