Астанада Казакстандын унаа куруучуларынын XIII форуму өтүп жатат

Астанада Казакстандын унаа куруучуларынын XIII форуму өтүп жатат

Тармак кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн болжол менен 20%ын түзөт. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча тармакта өндүрүш 5,7 триллион теңгеден ашып, инвестиция 300 миллиарддан ашты. Экспорттун көрсөткүчтөрү да өстү. Акыркы 5 жылда тышкы рынокторго жеткирүү дээрлик эки эсеге көбөйүп, 3 миллиард теңгеден ашты. Мында эң чоң салымды автоунаа жасоо, темир жол жана электротехникалык унаа жасоо камсыздады. Тармактын мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу бүгүн Астанада сөз болду, анда 13-тармактык форум башталды.

Махамбет Мендигалиев — «Казакстан унаа куруучулар союзу» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу дирекциясынын жетекчисинин орун басары:

– Өтүп жаткан форумдун негизги максаты — бүтүндөй Казакстан боюнча унаа куруу тармагын өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын аныктоо, роботтоштуруу, өнөр жай чөйрөсүнө жасалма интеллектти киргизүү, ошондой эле өндүрүштү локалдаштыруу жана казакстандык унаа  куруучулардын үлүшүн көбөйтүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.Ал эми биздин келечекке болгон негизги максаттарыбыздын бири экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу.

Казакстандын унаа жасоо боюнча алдыңкы ишканаларынын биринин өнүмдөрү чет өлкөлөрдө жакшы белгилүү. Бул жерде өндүрүлгөн жабдуулардын жарымы дароо тышкы рынокторго кетет. Тоо-кен өнөр жайы үчүн ижарага станоктор, тасмалык-конвейерлер жана майдалагычтар, мунай-газ тармагы үчүн түтүктөр, металл конструкциялар жана бургулоочу насостор чоң суроо-талапка ээ. Ишкана экспорттун географиясын мындан ары да кеңейтүүнү көздөөдө.

Есет Дүйсенов, Алматы оор унаа куруу заводунун башкы мүдүрү:

– Биз бардык болоттун түрлөрүн өзүбүз куябыз. Чоюн куябыз. Өзүбүз иштетип, жылмалайбыз. Азыр завод акыркы муундагы редукторлорду чыгарууда. Учурда өнүмдү 6 өлкөгө экспорттойбуз. 2004-жылы Жапонияга да жөнөтө баштаганбыз. Чет өлкөлөрдүн суроо-талабы жогору. Тажикстандын алюминий заводу менен ири келишимге кол койдук.

Которгон: Илгиз Жамалбеков