Казакстанда базалык чен төмөндөтүлөбү? Бул суроого Улуттук банктын башчысы жооп берди. Галымжан Пирматовдун айтымында, буга азыр жүйөлүү себеп жок.
«Улуттук банк инфляциянын күтүлүп жаткан траекториясынын орто мөөнөттүү максаттуу багыттардан четтөөсүн азайтуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Инфляциялык таргеттөөнүн маңызы да ушунда. Азырынча биз ченди төмөндөтүүгө эч кандай негиз жок экендигин көрүп турабыз. 2024-жылдын аягына чейин максаттуу диапазонго жакыныраак траекториядан кийин инфляциянын деңгээли азайган учурда, чен төмөндөтүлөт», - деди Улуттук банктын төрагасы республикалык басылмага берген маегинде.
Белгилей кетсек, Казакстандын Улуттук банкы кулжа айынын башында базалык ченди 14 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков