Казакстанда сууну эсептеген система санариптешет

Казакстанда сууну эсептеген система санариптешет

Казакстанда суу ресурстары боюнча улуттук маалымат системасы түзүлөт. Бул тууралуу өнөр жай министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Платформа бирдиктүү санариптик чөйрө катары иштейт жана суу чарба объектилери боюнча маалыматтарды бириктирет. Долбоор Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунун грантынын эсебинен иштелип жатат. Ага спутниктик мониторинг, сенсорлор жана эсептегичтер, гидропосттор, оперативдүү отчеттуулук жана тармактык статистика кирет. Бүгүнкү күндө каналдарды модернизациялоо жана санариптештирүү үчүн этап менен 3,5 миң чакырымдан ашык ирригациялык инфраструктура санариптештирилүүдө. Жалпы 2027-ші жылға дейін су есептеу жүйесін толық цифрландыру, сондай-ақ автоматтандырылған гидрожапқыштарды енгізу жоспарланған.  Айта кету керек, цифрландыру жобаларын әзірлеу барысында отандық өндірушілердің заманауи технологиялық шешімдері мен жабдықтарына басым бағыт беріледі.

Жалпысынан 2027-жылга чейин сууну эсепке алуу системасын толук санариптештирүү, автоматташтырылган гидравликалык клапандарды ишке киргизүү пландаштырылууда. Долбоорлорду иштеп чыгууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн заманбап технологиялык чечимдерине жана жабдууларына артыкчылык берилет. Бул иш-чаралар аяктагандан кийин суу ресурстарына тиешелүү бардык маалыматтар толугу менен маалыматтык системага киргизилет. Бул сууну алуу жана бөлүштүрүү процессин эффективдүү пландаштырууну, ошондой эле анын ачыктыгын жана тактыгын камсыз кылат.

Олжас Бектенов, Казакстандын премьер-министри:


- Калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу эң маанилүү милдеттердин бири. Бул мамлекет башчынын түздөн-түз көзөмөлүндө. Маалым болгондой, бул үчүн керектүү каражат республикалык бюджетте каралган. Өлкө башчынын мыйзамсыз казылган мүлктөрдү өлкөгө кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында суу менен камсыздоо боюнча 230га жакын долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын мамлекеттик фонддон кошумча 60 миллиард теңге бөлүнгөн. Облустук акимчиликтер жыл аягына чейин ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштеп жаткан бардык долбоорлорду ишке киргизүүнү камсыз кылышы керек.

Которгон: Назира Бегалиева