2023-жылы ЕӨБ инвестициясынын жарымынан көбү Казакстанга багытталат

2023-жылы ЕӨБ инвестициясынын жарымынан көбү Казакстанга багытталат

Келерки жылы Евразия өнүктүрүү банкы инвестициясынын жарымынан көбүн Казакстандагы долбоорлорду ишке ашырууга багыттайт. Ошентип, өлкө экономикасынын негизги тармактарына дагы 1,1 миллиард доллар инвестициялоону пландаштырууда. Бул сумма Алматыдагы 3-Жылуулук электр борборун модернизациялоо, Түркестан облусунда буу-газ станциясынын базасында электр станциясын куруу, ошондой эле Жамбыл жана Костанай облустарында шамал электр станцияларын ишке киргизүү сыяктуу ири долбоорлорго жумшалат. Жалпысынан банктын алдыдагы 5 жылдык стратегиясынын алкагында өлкөгө 3,8 миллиард доллардан кем эмес каражат бөлүү көздөлүп жатат.

Бул тууралуу каржы мекемеси билдирди. Ошентип, эл аралык каржы институту инвесторлордун республикага кызыгуусун жаратып, чет элдик каржы агымынын көбөйүшүнө түрткү берүүнү көздөп жатат. Талдоочулар Евразия өнүктүрүү банкы Казакстандын экономикасына 10 миллиард доллардай каражат тарта алат деп эсептешет. Негизинен бул “жашыл” экономика, азык-түлүк коопсуздугу, инфраструктураны модернизациялоо, Казакстандын экспортунун дараметин жогорулатуу, “БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү” багыттарында абдан тартымдуу болот. Белгилей кетсек, бул жылы банк өнөр жай, тамак-аш, транспорт, альтернативдик энергия булактары жана каржы тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков