Бугу айынын 1 – Казакстан элдеринин биримдик күнү

Бугу айынын 1 – Казакстан элдеринин биримдик күнү

Аталган күн өлкөдөгү ар улуттун өкүлдөрүнүн бир түндүктүн астына бириккен биримдигин даңазалаган күн. Көптөгөн улуттарды уюштуруп, улуттун башын бириктире алган казак улуту бүгүнкү күндө дүйнөгө үлгү. Буга чейин эч бир мамлекетте болбогон саясий түзүлүш, социалдык институт – Казакстан элдери Ассамблеясы эң биринчи Казакстанда түзүлгөн.

Тилеген Садыков, тарых илимдеринин доктору, ЕУУ профессору:

- Бул жерде бардык элдердин маданий билим борборлору жайгашкан. Биздин өлкөдө алардын тилин, маданиятын, билимин өнүктүрүүгө эч кандай чектөөлөр жок. Чектөөнүн жоктугу мындай турсун, мүмкүн болушунча шарттар түзүлүп жатат. Казакстандын эң жогорку мыйзам чыгаруу органы болгон Парламентте Ассамблеядан шайланган депутаттардын болушу биздин толеранттуулук саясатыбыздын бир көрүнүшү деп айтсак болот.

Казакстанда 130дан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү советтик солчул саясаттын эзүүсүнөн 20-кылымдын биринчи жарымында массалык жер которушкан. Ошол кезде башкаларды өзүндөй көргөн меймандос казак кимди да болсо кучак жайып тосуп алган. Тарыхый маалыматтарга таянсак, калкы мажбурлап көчүрүлгөн өлкөлөрдө отурукташып, туруктуу жашап калгандардын эң көп саны Казакстанда катталган. Мисалы, 1930-жылдары депортацияланган 125 миң азербайжан улутунун бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңден ашуун өкүлү бар.

Закария Нахметов, Азербайжан этномаданий борбору төрагасынын орун басары:

- Биз азербайжандар менен казактар ​​генетикалык жактан бир тууганбыз, биз бир мамлекетбиз, баарыбыз түрк элдерибиз. Ошондуктан, Казакстан биздин үйүбүз, ата-журтубуз. Казак досторум бар. Тойлорду чогуу жасайбыз. Бири-бирибизден кыз алып, кыз беребиз. Казакстан Азербайжан бир улут.

Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, Казакстандын калкынын саны 19 миллион 700 миң кишиден ашты. 2021-жылдагы эл каттоо башка улуттардын өкүлдөрү үчтөн бирин түзөрүн көрсөттү. Алардын баары бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымактуу, күчтүү эл, кең келечек куруу жолунда бир кызыкчылыкка уюп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков