Быйыл Казакстанда кайра иштетүү тармагында 120дан ашык долбоор ишке кирди. Аларды ишке ашырууга 488 миллиард теңгеден ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана курулуш министрлиги билдирди. Маселен, Актөбе облусунда эски шламды кайра иштетүүчү завод пайдаланууга берилсе, Караганды облусунда атайын кокс өндүрүшүнүн техникалык ишке киргизилиши болду. Сарандагы индустриалдык зонада турмуш-тиричилик техникасынын ата мекендик өндүрүшү ачылды. Мындан тышкары, республикада ар түрдүү маркадагы жана курамбөлүктөгү автоунааларды чыгаруучу ишканалар ачылды. Эске сала кетсек, Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунда жаңы экономикалык моделге өтүүнүн алкагында структуралык экономикалык реформалар белгиленген. Анда өлкөнүн кубаттуу индустриалдык негизин түзүүгө өзгөчө орун берилген.
Канат Шарлапаев, Өнөр жай жана курулуш министри:
- 2023 - жылы мамлекет өнөр жайды өнүктүрүү боюнча бир катар чараларды көргөн. Финансылык жана финансылык эмес колдоону жана стимулдаштыруу чараларын камтыган 2023-2029-жылдарга кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүнүн жаңыланган концепциясы бекитилди. Долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү жеңилдетилген насыяларды кошкондо 620 миллиард теңгеден ашат. Чийки зат менен камсыз кылуу ишинде 25 үч тараптуу келишимге кол коюлган, 35 узак мөөнөттүү келишим жана 10 келишим түзүлдү. АЭАда 325 долбоор ишке ашырылды.
Ошондой эле, 2023-жылы өлкөдө мурда өндүрүлбөгөн жаңы өнүм чыгарыла баштады. Алардын арасында мунай-химиялык реагенттер, күн батареясынын картридждери, электрондук температураны өзгөрткүчтөр, жогорку вольттогу вакуумдук өчүргүчтөр жана көп функциялуу эсептегичтер бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков