2025-жылы Актау деңиз портунда контейнердик хаб ишке
киргизилет. Долбоор жылына 300 миң жыйырма фут контейнерди жүктөөгө мүмкүндүк
берет. Бүгүнкү күндө аймактагы кургак жүк ташуучу порттордун өткөрүү
жөндөмдүүлүгү жогорулады. Бул үчүн биринин түбү тереңдетилсе, дагы 3 порт
реконструкциялануудан өтөт. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Актау деңиз порту
аркылуу 2,3 миллион тонна жүк ташылды. Анын 118 миң тоннасы дан, 112 тоннасы
темир, калганы мунай. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кара алтынды
ташуу көлөмү 63%га өскөн. Ал эми металлдын көрсөткүчү эки эсеге өстү. Жалпысынан
Актау порту жылына 12 миллион тонна ар кандай жүктөрдү кайра иштетүүгө жана 7,5
миллион тоннага чейин мунай ташууга жөндөмдүү. Актау деңиз порттору эл аралык
транспорттук каттамдын негизги звенолору болуп саналат. Кытайдын транзиттик
жүктөрү Казакстан аркылуу Азербайжанга, Грузияга, Түркияга, андан ары Кара
деңиз аркылуу Европага кетип жатат.
Кайрат Калиолла, «Актау деңиз соода порту» УК транспорттук
логистика бөлүмүнүн башкы менеджери:
2023-жылдын биринчи жарымында жалпысынан 2 миллион 297 миң
жүк өткөрүлдү. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп.
Анын ичинен 1 миллион 787 миң тонна мунай жана мунай өнүмдөрү деңиз аркылуу чет
өлкөлөргө экспорттолду.
Буга кошумча кургак порттун жүгү көбөйүп жатканын белгилей
кетүү керек. Быйылкы жылы жүктөрдү кайра жүктөөнүн көлөмү өткөн жылдын тийиштүү
мезгилине салыштырганда 18 пайызга өскөн. Жакынкы күндөрдө жылдык кубаттуулугу
1 миллион тонна эгин ташуучу дан терминалы ишке берилет. Объект бир убакта 25
миң тонна дан сактоого жөндөмдүү.
Серик Ахметов, Курык портунун мүдүрү:
Анын негизинде биз айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар кандай
түрлөрүн сактап кала алабыз. Жыйнай алабыз, башкача айтканда, бир өнүмдүн
тегерегинде иштебейт. Ар кандай сортторун сактоого, жыйноого жана ийкемдүүлүктү
жогорулатууга болот. Кийинки максат - кемелерди көтөрө ала турган структура
түзүү.
Быйыл Курык порту Каспий аймагындагы “жашыл” порт макамын
алды. Бул күбөлөндүрмө Казакстандын, Түркмөнстандын жана Азербайжандын суу
порттору ортосунда маалымат алмашууну жеңилдетүү жана Европанын негизги
портторунун транспорттук системасына кошулуу үчүн санариптик платформаны
түзүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков