Казакстан авто унаа чыгарууну көбөйтүүдө. 2022-жылдын 9 айында дүйнөлүк тартыштыкка карабастан, өлкөдө 78 миңден ашык бардык типтеги автоунаалар чыгарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 23%дан ашыкты түздү.
Казакстандын автобизнес ассоциациясынын маалыматы боюнча, биздин өлкө автоунаа чыгаруу темпин басаңдаткан жок. Автоунаа рыногу, мындайча айтканда, компоненттерди жеткирүүгө байланыштуу эң жакшы учур эмес. Ошого карабастан, жыл башынан бери республикада 799 жарым миллиард теңгелик автомобиль чыгарылды. Жалпысынан 2022-жылдын аягына чейин транспорт каражаттарын өндүрүүнүн өсүшү күтүлүүдө. Ал кеминде 7% болушу керек. Азырынча бул божомолдор. Биринчи орунда жеңил машиналар турат. Алар 2021-жылга караганда дээрлик 30% көбүрөөк чыгарылган. Бардыгы болуп 71 миңден ашык даана. Негизинен унаалар Костанайда чыгарылат. Жыл башынан бери ал жерде 48 миңден ашык жеңил унаалар, жүк ташуучу унаалар жана автобустар чыгарылган. Алматыдагы заводдо бир аз азыраак — дээрлик 26 миң автомобиль чогултулду. Семейде 1600дөн ашат, Көкшетауда 900гө жакын машина чыгарылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков