Жылдын башынан бери Транскаспий эл аралык транспорту
боюнча 1 миллион 3 миң тоннадан
ашык жүк ташылды. Бул
өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп, деп билдирет
Казакстандын улуттук транспорттук компаниясы. Өлкө өкмөтү орто мөөнөттүү
келечекте Транскаспий жолу менен жылына 10 миллион тоннага чейин жүк ташылат деп күтүлүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин жүк 53
күндө жеткирилсе, бүгүнкү күндө ал 23 күнгө чейин кыскарган. Алдыдагы
убакытта жол убактысын 15 күнгө чейин кыскартуу пландалууда. Эске салсак,
“Орто коридор” деп да аталган Транскаспий жолу өлкөнүн аймагында гана эмес,
Кытай, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузияны кесип өтүп, Европа өлкөлөрүнө жетет.
Коридор Ассоциациясына сегиз өлкөнүн темир жол администрациялары, порттору,
кеме жана башка транспорттук уюмдары болуп 20 компания кирет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков