Казакстанда экономикалык өнүгүүнү божомолдоо үчүн жасалма интеллектти колдонуунун конкреттүү ыкмалары киргизилмекчи. Бул милдет Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өткөн Өкмөт жыйынында аткарылды. Digital Qazaqstan стратегиясы санариптик өзгөрүүлөрдү камсыз кылууга тийиш. Эл аралык серепчилердин божомолу боюнча 2030-жылга чейин дүйнөлүк экономикага жасалма интеллекттин салымы 22 триллион долларды түзөт. Бул максатта эсептөө кубаттуулугун көбөйтүүгө көңүл бурулат. Павлодар облусунда «маалыматтарды талдоо борборлору аянтчасы» долбоорун ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуу ишин жандандыруу зарылчылыгы белгиленди. Жооптуу мекемеге Казакстандын аймагындагы булуттуу провайдерлердин кызматын жөнгө салуу жана анын өнүгүшүн шыктандырууга арналган мыйзамдык түзөтүүлөрдү иштеп чыгуу тапшырылды.
Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
– Жасалма интеллектти эффективдүү колдонууда инфраструктуранын өнүгүү деңгээли маанилүү роль ойнойт. Биздин өлкөдө аймактагы ири суперкомпьютердик кластерлер Alem.Cloud жана AL Farabium жайгашкан. Алар дүйнөлүк ТОП-500 рейтингине кирет. Мамлекеттик органдардан жана бизнестен жасалма интеллекттин чечимдерин иштеп чыгуу үчүн суперкомпьютердик эсептөө күчүн бөлүү боюнча кайрылуулардын саны өстү. Бул колдонуудагы көлөмдөрдү көбөйтүү зарылдыгын көрсөтүп турат. Ошондой эле мындай ресурстарды бөлүштүрүүдө ийкемдүү саясатты иштеп чыгуу талап кылынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

