Казакстан экономикасы биринчи жарым жылдыкта 5%га өстү

Казакстан экономикасы биринчи жарым жылдыкта 5%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи 5% ды түздү. Бул тууралуу Улуттук экономика министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, реалдуу сектор жана кызмат көрсөтүү жаатында жылыштар бар. Айрыкча курулуш, маалымат жана байланыш тармактары эң жогорку өсүштү көрсөттү. Негизги капиталга салымдардын ыргагы жогорулады. Алардын агымы, айрыкча транспорт жана сактоо багытында өзгөчө жакшы сезилет. Бул жерде инвестициянын өсүшү дээрлик 60 пайызды түзөт. Экинчи жагынан ата мекендик автоунаа өндүрүшү өсүүдө. Ошону менен бирге суусундуктарды, тамак-аш азыктарын, желим буюмдарын, минералдык өнүмдөрдү, даяр металл буюмдарын өндүрүү да өскөн. Башкача айтканда, өлкөдө ишкердик активдүүлүк күч алууда. Соодага жумшалган инвестиция үчтөн бир эсе өстү. Бул өз кезегинде тышкы чөйрөгө жакшы таасирин тийгизет.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2023-жылдын үчтүн айы-бугу  айларында тышкы соода товарларынын ай сайын жүгүртүүсү 8%га өсүп, 55,8 миллиард долларды түздү. Экспорттун көлөмү 31,6 миллиард долларга жетти. Бул жаатта кайра иштетилген товарлардын экспорту 3,8%га өсүп, 10,2 миллиард долларга жакындады. Товарлардын импорту 24,2 миллиард доллар болду. Жалпысынан соода балансынын оң сальдосу 7,4 миллиард долларды түздү.

Өкмөт башчы жыл аягына чейин экономикалык өсүштү сактап калуу зарылдыгын белгиледи. Эң алды менен элдин турмуш-тиричилигин мындан ары жакшыртуу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын айтты. Ошол эле учурда бааны жөнгө салуу маанилүү. Бул түздөн-түз инфляцияга байланыштуу. Белгилей кетсек, анын деңгээли төрт ай катары менен төмөндөп жатат.

Алихан Смаилов, Казакстан Премьер-министри:

Биздин алдыбызда турган орчундуу милдеттердин бири — баалардын өсүшүн ооздуктоо. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында акыркы 6 айда инфляциянын жылдык деңгээли 14,6 пайызга чейин төмөндөдү. Бирок быйыл инфляция 2 эсеге кыскарышы керек. Ал бардыгыбыздан координацияланган жана системалуу ишти талап кылат. Соода министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте инфляцияны пландуу чекке чейин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүшү кажет.

Муну менен катар Алихан Смаилов глобалдык атаандаштыктын шартында өлкөгө стратегиялык инвесторлорду тартуу ишин күчөтүү керектигин, алардын ар бири менен түз иштешип, сүйлөшүүлөрдүн ар бир этабын көзөмөлгө алуу маанилүү экенин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков