Эми сүрөтчүлөр, музыканттар, кол өнөрчүлөр, кино жана киберспорт негизги багыт болот. Муну менен Маданият жана спорт министрлигинин алдында пландалган бөлүм алектенет. Ошондой эле атайын колдоо фонду түзүлөт. Азыркы учурда «Креативдүү индустрия» концепциясын консолидациялоо боюнча мыйзамдык чаралар буга чейин кабыл алынган. Ал эми алдыда коммерциялаштыруу максатында бизнес кодексине жазылат.
Талант Рамазанов, юрист:
- Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынын башында биз креативдүү тармактын өкүлдөрүн ири инвесторлор менен тааныштырдык. Алар креативдүү индустрия арасынан 1-2 долбоорду тандап, реалдуу каржылык жардам менен өнүктүрүшмөкчү.
Кайрат Садуакасов, «KAZAKH TOURISM» УК АК башкарма төрагасынын орун басары:
- Негизги милдеттердин бири – сүрөтчүлөрдү чет өлкөлөрдөгү атактуу биенналдерге, түрдүү көркөм көргөзмөлөргө катыштыруу. Ал эми сүрөтчү бир жыл бою белгилүү бир циклден өтүп, анын эмгектери ар кандай платформаларда пайда болгон кезде, сүрөтчүнүн чыгармалары автоматтык түрдө кымбаттайт. Анткени аларды жеке галереялар жана жеке коллекционерлер көрүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалабеков