Казакстанда авторлорго сый акыларды адилеттүү бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берген Бирдиктүү санариптик платформа түзүлөт. Мажилис интеллектуалдык менчик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Платформа авторлор, колдонуучулар жана жамааттык башкаруу боюнча уюмдар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү электрондук форматка өткөрүп, так эсепке алууну жана маалыматтардын аныктыгын камсыз кылат. Ал эми процесстерди автоматташтыруу алардын жасалмаланышына жол бербейт. Документ ошондой эле тармакты санариптештирүүнү тездетүүгө багытталган. Мисалы, товардык белгилерге алдын ала экспертиза жүргүзүү мөөнөтү бир айдан он жумушчу күнгө чейин, ал эми толук кароо мөөнөтү 7 айдан 3 айга чейин кыскарат. Бул жаңы бренддерди ыкчам коргоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, 2029-жылдан баштап автордук укуктарды жамааттык башкаруу боюнча уюмдардын чыгымдарын 30 пайыздан 20 пайызга чейин кыскартуу пландаштырылууда. Ошентип, өлкөдө креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө.
Нурсултан Байтилесов, Парламент мажлисинин депутаты:
- Негизги максат – интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, чыгармачылык ишмердүүлүктүн натыйжаларын жана индивидуалдаштыруу каражаттарын пайдаланууга байланышкан укуктук мамилелерди өнүктүрүү. Марракеш келишимине ылайык, автордун макулдугусуз эле көрүүсү начар адамдардын жарыяланган чыгармаларга жетүүсүн камсыз кылуу каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

