«Болашак» программасы техникалык адистиктерге артыкчылык берүүдө

«Болашак» программасы техникалык адистиктерге артыкчылык берүүдө

Быйыл «Болашак» программасынын алкагында техникалык жана IT адистиктери боюнча гранттардын саны 60 пайызга көбөйөт. Ошондой эле, техникалык билим берүү тармагындагы талапкерлердин чет тилин билүү деңгээлин аныктоочу IELTS сынагынын орточо баллы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Эл аралык программалар борборунун президенти Ануар Жангозиндин айтымында, президенттин тапшырмасына ылайык, «Болашак» программасын кайра багыттоо жараяны башталды. Азыр инженердик-техникалык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан тышкары, айыл жеринен келген талапкерлердин дараметин жогорулатуу каралууда. Анда англис тилин билүү деңгээлин төмөндөтүү, айыл жергесинде милдеттүү түрдө жашоо мөөнөтүн 3 жылдан 2 жылга кыскартуу камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков