Казакстанда коронавирустун жаңы түрү табылды. Ал омикрондун цербер версиясы экени аныкталган. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетованын айтымында, республика боюнча жетинин айында илдет жуктуруунун деңгээли тогуздун айына салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн. Аймактар арасында Акмола, Атырау, Жамбыл, Улытау жана Шымкент облустарында акыркы жумада вирустук инфекция 3,5 эсеге көбөйгөн. Адистердин айтымында, вакцинанын кору илдетти алдын алуу үчүн жетиштүү. 12 жаштан жогору адамдарды эмдөө жана ревакцинациялоо үчүн аймактарга 200 миң доза Pfizer вакцинасы жеткирилди. Эпидемиологиялык абал дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков