Актаулук спортчу буга чейин 19 кг жүк менен Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Бул жолу дүйнөнүн 7 жолку чемпиону 35 килограммдык темирди кыйналбастан көтөрдү. Эми ал бирдин айынын 18де борбор калаада өтө турган республикалык мелдешке даярданып жатат. Беделдүү мелдешке Казакстандын 20 шаарынан 180 спортчу катышат.
Эльдар Ягьяев, дүйнөнүн 7 жолку чемпиону:
- Денемди чыңдап, такай машыгып жүрдүм. Жыйынтыгында кошумча салмак менен тартылуу боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болдум. Негизинен спорттун бул түрү көптөр үчүн жеткиликтүү. Азыр ар бир үйдүн короосунда турник бар. Канча даярданам десеңизда өз эркиңиз. Эң негизгиси жалкоолонбоо керек.
Талгат Ермекбаев, машыктыруучу:
- Экөөбүз көптөн бери доспуз. 4-5 жылдан бери чогуу даярданып келе жатабыз. Турник, көчө воркауту жеткиликтүү жана абдан ыңгайлуу. Аны ар бир адам жасай алат. Үйдө, талаада жана ушундай залда машыгууга болот.
Жаш спортчу былтыр Хельсинкиде өткөн мелдеште жеңишке жеткен. Көп өтпөй, Амстердамда өткөн чемпионатта мыкты аталган. Турникке 40 килограммдык темир менен тартылып, дүйнөлүк рекорд койду. Быйыл ал Финляндияда өтүүчү мелдеште ийгилигин эки эсеге жогорулатууга бел байлап жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков