Казакстанда корейлер тууралуу китеп жарык көрдү

Казакстанда корейлер тууралуу китеп жарык көрдү

Түштүк Кореяда казак корейлери тууралуу 11 китеп жарык көрдү. Анда өмүрүн искусствого арнаган кандаштардын окуялары камтылган. Басылманын Сеулдагы бет ачарына катышуу үчүн китепте аты аталган төрт инсан Алматыдан чакырылды. Алар Казакстандын эл артисти Римма Ким, республиканын эмгек сиңирген артисти Зоя Ким, Талдыкоргандагы «Ачим -Ноуль» ансамблинин көркөм жетекчиси Галина Нам жана Алматы гитаристтер бирикмесинин жетекчиси Геннадий Ким. Китеп басып чыгаруу иштери 2019-жылы башталган. Ал кезде Корея борборунун адистери Казакстанга атайын келип, искусствого чоң салым кошкон корей диаспорасынын өкүлдөрү тууралуу материалдарды чогултушкан. Бирок, пандемиядан улам китептин чыгышы кийинкиге жылдырылган. Китеп чектелген тираж менен жарык көрдү. Буга кошумча басылма санариптик форматта да окурмандар үчүн жеткиликтүү.

Ким Ен Ун, салттуу корей музыкасынын улуттук борборунун мүдүрү:

Китептин максаты - чет өлкөдө жашаган корейлердин өнөрүн көрсөтүү. Ошентип, өткөндүн тажрыйбасын үйрөнө алган муун үчүн методикалык нускама түзүлөт. Бул Казакстан менен Корея өнөрпоздорунун жаңы кызматташтыгына негиз болот деп ойлойм. Өлкөдө ата мекендик ишмерлердин чыгармачылыгын, турмушун баяндаган китептер көп болгону менен, чет өлкөлүк ишмерлер тууралуу жакында гана сөз кыла баштадык.

Си Ин Хва, китептин автору:

Казакстандык корейлер Түндүк жана Түштүк Кореянын маданиятынын мыктысын колдонуу менен өздөрүнүн кол тамгасын түзүшкөн. Казактар ​​жер которгон корейлерди жылуу тосуп алып, кабыл алганын ар дайым баалайбыз. Этникалык азчылыктар үчүн эч жерде жашоо оңой эмес, бирок Казакстандагы абал башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан жакшы. Кандаштар: каныбыз корей болса да, түпкүлүгүбүз казак дейт. Алар эки өлкөнү тең жакшы көрүшөт,  Казакстанда отурукташып, сүйүүсүн искусство аркылуу билдиришүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков