Астанада Тынчтык дарагы инсталляциясынын бет ачары болду. Уникалдуу арт-объект Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-съездинин катышуучуларынын билдирүүлөрүн камтыйт. Ал борбордогу тынчтык жана ынтымак сарайына орнотулду. Иш-чарага Парламенттин депутаттары, Казакстандагы бир катар чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, диний жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, ошондой эле Сенаттын спикери – Курултайдын катчылыгынын жетекчиси катышты. Маулен Ашимбаев съезддин өзгөчө ролун белгилеп, ал диндер аралык диалогду улантууга маанилүү салым кошуп жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, мындай тарыхый форумду эскерүү боюнча экинчи чыгармачылык долбоор. Биринчиси күзүндө түптөлгөн парк болгон.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
Бул инсталляция Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-съезди үчүн атайын түзүлгөн. Ал катышуучулардын деңгээли жана саны жагынан да, каралып жаткан маселелердин маанилүүлүгү жагынан да чындыгында тарыхый жана уникалдуу окуя болуп калды. Тынчтык дарагы инсталляциясы дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-съездинин негизги мазмунун жана идеяларын чагылдырарын белгилеп кетким келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков