Казакстан президентинин жарлыгы менен 2025-жыл жумушчу кесиптер жылы деп жарыяланды

Казакстан президентинин жарлыгы менен 2025-жыл жумушчу кесиптер жылы деп жарыяланды

2025-жыл Казакстанда жумушчу кесиптердин жылы деп расмий жарыяланды.  Тиешелүү жарлыкка Республиканын Президенти кол койду. Буга чейин Касым-Жомарт Токаев аяк оона айынын 2де элге кайрылуу жасап, өлкөнүн кадрдык дараметтн ырааттуу жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ошол кезде кийинки жыл жумушчу кесиптердин жылы болот деп жарыяланган. Бул тууралуу жарлык ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул техникалык жана кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жумушчу кадрларды колдоого жана жумуш орундарынын беделин жогорулатууга багытталган масштабдуу иш-чараларды камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков