Казакстанда байлык салыгы киргизилиши мүмкүн

Казакстанда байлык салыгы киргизилиши мүмкүн

Казакстанда байлык салыгы киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев «Адилеттүү мамлекет. Бирдиктүү эл. Куттуу коом» аттуу Казакстан элине кайрылуусунда айтты. «Салык реформасынын алкагында масштабдуу салык салууну киргизүү зарыл. Мунун орто класска эч кандай тиешеси жок, бул салык кымбат кыймылсыз мүлк же автоунааларды сатып алган кезде гана алынат» - деп маалымдады. Белгилей кетсек, өлкөдө 2023-жылы жаңы Салык кодекси иштелип чыгат. Анда анын эң актуалдуу учуру деп эсептелген салыктык башкаруу маселеси толугу менен кайра жазылат. Өз кезегинде бул маселе боюнча элдин пикирин угуп кайттык. Пикирлер ар кандай.

Жакшы жашагың келсе төлөшүң керек. Медицина, мектеп, мугалимдер, ушундай бюджеттик тармакта иштегендердин, жада калса абакта отургандардын акчасы ошол салыктан алынат. Булар элдин салыктары менен төлөнүүчү нерселер. Албетте колдойбуз, акча өкмөткө түшсө бизге да пайдасы тийет.

Бай ишкерлер бар. Менимче, аларга салык салган туура - деп эсептейм. Анткени ал биздин бюджетке түшөт. Ошондуктан  бюджетибиз бай болсо элибиз, мамлекетибиз бай болот.

Иш жүзүндө жүзөгө ашырылса абдан жакшы башталыш. Бул жарандар арасында көптөн бери чечилбей келе жаткан маселе. Эң негизгиси айтылгандай ишке ашса - дейбиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков