Бул бизнести колдоо чарасынын аркасында ишке ашырылат. Аталган багыттагы иштер Ишкердик жигердүүлүк боюнча Улуттук баяндамада чагылдырылган. Документте ишкердикти өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү камтылган. Ишкердик жигердүүлүк чөйрөсүндө жаңы жөнгө салуу саясатын киргизүүнүн алкагында «Атамекен» палатасы өлкөнүн өкмөтү менен биргеликте жаңы жөнгө салуу саясатынын негизги шарттарына жооп бербеген 9 миңден ашык талаптарды аныктады. Өкмөттүн Башынан баштап жөнгө салуу реформасы бизнестин жүгүн орто эсеп менен 30 пайызга азайтып, оптималдуу жана ачык-айкын жөнгө салуу чөйрөсүн калыптандырууга мүмкүндүк берет. Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, ишкерлерди негизсиз текшерүүдөн коргоо жана кылмыш процессине бизнестин мыйзамсыз тартылышын алдын алуу боюнча комплекстүү чаралар кабыл алынды. Башкы прокуратура 2023-жылга карата бизнести коргоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан чакан жана орто бизнес субъектилеринин саны 1 миллион 400 миңге жетти. Аларда 3,5 миллион адам иштейт. Мамлекеттик колдоо чараларынын натыйжасында өткөн жылы 5 миңден ашык жаңы ишканалар ачылган. 119 миллиард теңгеден ашык суммага 48 миңден ашык долбоор колдоого алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков