Казакстан мунайы алгачкы жолу «Баку-Тблиси-Джейхан» багыты аркылуу транзит менен өттү

Казакстан мунайы алгачкы жолу «Баку-Тблиси-Джейхан» багыты аркылуу транзит менен өттү

Буга чейин Азербайжан менен Казакстандын мунай компаниялары кол койгон келишим жылына 1,5 миллион тонна чийки затты ташууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда ата мекендик мунайдын кезектеги партиясы жөнөтүүгө даярдалууда. Жалпысынан жылдын аягына чейин Актаудан Сангашал терминалына чейин Каспий деңизи аркылуу 12-14 танкер өтүшү пландалууда. Белгилей кетсек, Баку-Тбилиси-Джейхан мунай куурунун узундугу 1768 чакырым. Анын  кубаттуулугу жылына 50 миллион тонна мунайды түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков