Казакстанда профессионалдуу сүйлөшүүчү-этномедиаторлордун пулу даярдалат. Анда 40ка жакын адам болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык медиация кеңешинин жыйынында белгилүү болду. Адистер аткарылган иштердин жыйынтыгы менен бөлүшүштү. Маселен, квалификацияны жогорулатуунун беш күндүк программасы иштелип чыккан. Анын алкагында быйыл өлкөнүн 18 облусунда улуттар аралык ынтымак боюнча семинарлар өткөрүлдү. Мындан тышкары саясий сабаттуулук жана психология боюнча адистер даярдалды.
Галым Шойкин, Маалымат жана коомдук министрлигинин улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы:
Бардык аймактарда адистер үчүн окууларды өткөрдүк. Биз бардык региондордо адистерди окутууну жүргүздүк. Алар - айрыкча ар кандай этностордун жашаган жерлеринде, айыл деңгээлиндеги акимдер, участкалык полиция кызматкерлери, айыл мектептеринин жетекчилери. Мындай иштер ар кандай түшүнбөстүктөрдү алдын алуу жана окуяларды болтурбоо үчүн жасалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков