Казакстандык ышкыбоз альпинист Азиянын эң бийик чокусун багындырды. Марина Малышева жыйырма күндүн ичинде эки ири чокуга чыкты. Алгач Орусиянын аймагындагы 5600 метрге жакын Эльбрустун Чыгыш чокусуна чыккан. Андан кийинкиси Ирандагы бийиктиги 5 миң метрден ашкан Демавенд тоосу болгон. Бул - Азиядагы эң бийик жанар тоо. Марина кесипкөй альпинист эмес. Бирок акыркы 2 жылдан бери системалуу түрдө тыкыр даярданган. Эми анын максаты - Гималай тоолорун багындырып, дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестке чыгуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

