Казакстанда Каспийди коргоо институту ачылат

Казакстанда Каспийди коргоо институту ачылат

Казакстанда жакынкы айда Каспий деңизинин Илим-изилдөө институту иштей баштайт. Анын адистери суу сактагычтын абалынын сапатына мониторинг жүргүзүшөт. Институт деңиздин тайыздалышына каршы күрөшүү үчүн натыйжалуу жана таасирдүү сунуштарды иштеп чыгат. Ал ортодо тиешелүү министрлик Каспийдин абалына көз салууну улантып, аны коргоо боюнча чаралардын комплексин даярдоодо. Ведомствонун маалыматы боюнча, деңиздеги суунун деңгээли акыркы бир жылда эле 26 сантиметрге төмөндөгөн. Окумуштуулар кырдаалга антропогендик таасирди, ошондой эле дарыялар аркылуу суунун агып келиши маселелерин изилдешет. Жалпысынан Институтту жабдууга жана күтүүгө 850 миллион теңгеге жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Астанада өткөн эл аралык экологиялык конференцияда билдиришти.


Даулет Есмагамбетов, Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин экологиялык маданият жана саясат департаментинин мүдүрү:


- Азыр жабдууларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүүдө, бул маселеде акимчилик бизге абдан жардам берип жатат. Жабдууларды сатып алуу жүрүп жатат, ошондой эле штатты, тиешелүүлүгүнө жараша адамдарды, имаратты ж.б. каржылоого республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүнөт.

Которгон: Назира Бегалиева