Казакстанда IV эл аралык эндаумент форуму өттү

Казакстандын эндаумент-фонддорунун эл аралык кызматташтыгы өсүүдө. Акыркы жылдары өлкөнүн жогорку окуу жайларында кошумча каржылоо булактарын багыттоо кеңири жайылды. Муну Астанада өткөн IV эл аралык эндаумент-форумдун уюштурулушу тастыктап турат. Жыйында Ата Мекендик тармактын адистери тажрыйбалуу чет өлкөлүк кесиптештери менен өз ара тажрыйба алмашышты. АКШ, Түркия жана Орусиядан келген серепчилер жана окумуштуулар эндаумент-фонддорду башкарууда санариптик технологияларды жана инновацияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Сьюзан Холтер, Минисота университетинин өнүктүрүү боюнча башкы мүдүрү, АКШ:

- Биздин фондго болжол менен 5 млрд долларга жакын каражат жыйналды. Мен АКШнын Минисота университетинен келдим. Бизде 525 эндаумент фонду бар. Жалпысынан бул структуралар 17 багытта иштешет. Бул багытта жакшы мамиле түзүүнү көздөп жатабыз. Мен бул тармакта билгендерим менен бөлүшүүгө даярмын. Сиздер тараптан да үйрөнө турган көп нерсем бар деп ишенем.

Ар бир өлкөдө түзүлгөн кайрымдуулук фонддорунун негизги максаты билим берүү жана илимди колдоо болуп саналат. Чогулган каражаттын көпчүлүгү студенттерге стипендия жана гранттарды берүүгө жумшалат.

Шыңгыс Шарапиев, «Endowment Qazaqstan Halqyna» корпоративдик фондунун мүдүрү:

- Биз жыл сайын студенттерге кабыл алуу үчүн тандалган категориядагы студенттерге 850 Грант ыйгарабыз. Бүгүнкү күндө анын аркасында 3 миңден ашуун студент билим алууда. Аталган программанын жылдык фонду 2 миллиард теңгеден ашат. Биздин программага өлкөнүн аймагындагы дээрлик бардык университеттер катышат. Азыр алардын саны 93кө жетти. Регионалдык университеттерге артыкчылык берилет.

Казакстан Президентинин кайрылуусунда университеттердеги эндаумент-фонддор билим берүү экосистемасын өнүктүрүүнүн негизги звеносу болушу керектиги белгиленген. Азыр өлкөдө бул тармакка укуктук негиз бере турган атайын мыйзам долбоору иштелип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков