Казакстанда 840ка жакын жаңы кесип киргизилет

Казакстанда 840ка жакын жаңы кесип киргизилет

Казакстандын улуттук классификация долбоору жаңыланат. Жүргүзүлгөн талдоонун алкагында республика боюнча 900дөн ашык адистикке өзгөртүү киргизүү пландалууда. Алардын 840ка жакыны жаңы. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди. Мисалы, «биомедициналык инженерлер» тобу эки адистиктен турат: изилдөөчү биоинженер жана биомедициналык инженер. Ал эми медицина тармагында паллиативдик дарыгерлер жана диабетологдордун жеке кесиби пайда болот. Ошондой эле, мындан ары экологиялык серепчи, дрон оператору, санариптик агроном, санариптик технолог сыяктуу адистиктердин атайын түрлөрү Улуттук классификацияга киргизилет. Белгилей кетсек, өзгөртүүлөр долбоору мамлекеттик, жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын, Профсоюздар федерациясынын жана Улуттук ишкерлер палатасынын талкуусунун жыйынтыгы менен түзүлгөн. Кошумчалай кетсек, бул долбоор иш берүүчүлөр ассоциацияларынын, кесиптик стандарттар менен жаңы кесиптердин жана компетенциялардын атласын иштеп чыгуучулардын сунуштарын эске алат. Азыр документ коомчулукта талкууланып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков