Депутаттар Алматыдагы тынчтык орнотуучу күчтөрү борборуна барды

Парламент депутаттары Алматы облусундагы тынчтык орнотуучу күчтөрү борборунун иши менен таанышты. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен жүргүзүлө турган операцияларда кызмат өтөгөн аскерлердин, полициялардын тил билимин жогорулатуу боюнча жыйындар залы менен окуу борборунун ишин көрүштү. 6 айдын ичинде эле 150 аскер кызматкери тактикалык, инженердик жана медициналык атайын даярдоо курсун аяктады. Өздүк курам англис тилин мыкты өздөштүрүп, күч колдонуу тартиби боюнча квалификациясын жогорулатып, эл аралык жана гуманитардык укук маселелери боюнча билимин тереңдетти.

Жанна Асанова, Парламент Сенатынын депутаты:
- Тынчтык орнотуучу иш-аракет — мамлекеттердин ортосунда өз ара диалогду жана дипломатиялык мамилелерди орнотуунун, жалпысынан тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу. Жоокерлерибиздин даярдыгынын жана физикалык жактан жогорку деңгээлде болушун камсыз кылдык. Тил билими да жетиштүү. Аткарылган иштер менен толук канааттандык. Жоокерлердин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча шарттар каралган.

Полигондо тынчтык орнотуу күчтөрү база менен бөлүмдөрдү коргоо, көзөмөл бекеттерин орнотуу менен коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык билгендерин көрсөтүштү. Аскерлер чыныгы жашоодо болушу мүмкүн болгон кырдаалдарда кандай аракет көрө аларын көрсөттү. Маселен, базага миномёттук кол салуу учурундагы иш-аракеттер, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жарадарларды эвакуациялоо, инженердик робототехниканы колдонуу аркылуу жардыргыч заттарды жок кылууга даяр экенин дагы бир жолу далилдеди.

Бауыржан Ныгметуллин, Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуу күчтөрү  борборунун башчысы:
- Аяк оона айында биз окуунун бардык циклин аяктадык. Учурда соңку кадам - Бириккен Улуттар Уюмунун баалоо тобун күтүп жатабыз. Баалоочу топ өз ишин аяктагандан кийин биз тынчтыкты орнотуу операцияларына катышууга 100% даяр болобуз. Учурда Коргоо министрлиги, башкача айтканда, Куралдуу күчтөр тарабынан бардык иштер аткарылды. Жыл бою жасаган эмгегибиз текке кетпейт, кандай кырдаал болбосун кызмат кыла алабыз.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын тынчтык орнотуу күчтөрү Ливанда, Батыш Сахарада, Борбордук Африка Республикасында жана Конгодо кызмат кылууда. Эми Коргоо министрлиги ата мекендик тынчтык орнотуу күчтөрдү Голан бийиктигиндеги БУУнун операциясына катышууну мерчемдеп жатат.  


 

Которгон: Илгиз Жамалбеков