Сан-Францискодогу
TechCrunch дүйнөлүк көргөзмөсүнө Борбордук Азиядан жана Монголиядан 14 стартап
катышты, алардын жарымы Казакстандан. Ал жерде ата мекендик иштеп чыгуучулар
Силикон өрөөнүнүн инвесторлоруна өздөрүнүн IT өнүмдөрүн сунушташты. Алардын арасында жасалма интеллект жана
нейро-радиология жаатындагы ата мекендик долбоор бар. Бул тууралуу Silk-road
Innovation хабынын негиздөөчүсү жана башкы мүдүрү Асет Абдуалиев билдирди. Анын айтымында,
жалпысынан жаңы хаб санариптик чечимдердин чөйрөсүн кеңейтүү үчүн түрк жана Борбор
Азия өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү максатында иштелип чыккан. Инновациялык
коомчулук чындыгында аймактагы IT адистеринин, ишкерлеринин жана иштеп
чыгуучулардын ортосундагы тармактык, билим алмашуу жана өнөктөштүктү өнүктүрүү
үчүн аянтчага айланат. Мына ушундай мыктылардын күч-аракеттерин бириктирүү
жакынкы 5-7 жылдын ичинде беделдүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет. Баарынан
мурда
стартаптарга 300 миллион долларга жакын инвестиция тартуу милдети
турат.
Ошондо Silk-road хабынын катышуучуларынын IT –
өнүмдөрүнүн экспорту 1,5 миллиард долларды түзүшү мүмкүн.
Асет Абдуалиев, Silk-road Innovation хабынын негиздөөчүсү
жана башкы мүдүрү:
-Silk-road
хабы бир нече өлкөлөрдү камтыйт. Башкача айтканда, 8 мамлекеттин негиздөөчүлөрү
менен иштешебиз. Биз Борбордук Азия чөлкөмүнүн 5 республикасын, Азербайжан,
Түркия жана Монголияны камтыган Борбордук Евразия аймагын ушул багытта
өнүктүргүбүз келет. Негизги максатыбыз – өзүбүздү дүйнөгө, стартаптарга,
венчурдук инвесторлорго таанытуу жана аймактын дараметин мүмкүн болушунча
пайдалануу. Стартаптар үчүн негизги
максат - жаңы инвесторлорду жана керектөөчүлөрдү табуу менен катар дараметтүү өнөктөштүк
мамилелерди түзүү. Уюштуруучу катары биз үчүн хабды жайылтуу маанилүү. Биздин
аймактын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен. Ошондуктан биздин аймак инвесторлор үчүн
тартымдуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.