Өнөр жай ишканаларынын 186 миллион теңгеден ашык чыгашасы төлөндү

Өнөр жай ишканаларынын 186 миллион теңгеден ашык чыгашасы төлөндү

Жыл башынан бери Казакстандын өнөр жай ишканаларынын дээрлик 186 жарым миллион тенге чыгымдарынын орду толтурулду. Операцияларды Казакстандын өнөр жай жана экспорт борбору үчтүн айы-теке айларында жүргүздү. Атап айтканда, улуттук валютада бөлүнгөн каражаттардын 184 миллиону эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган ишканалардын чыгымдарынын бир бөлүгүн жабууга берилди. Ал эми калган акча, башкача айтканда, 2,5 миллион теңге ички рынокто ата мекендик товарларды жылдырууга багытталган. Жалпысынан борборго 236 кайрылуу түшкөн. Астана, Шымкент, Алматы жана Акмола облустарынын ишкерлери чыгымдарынын ордун толтуруу каалоолорун билдиришти. Тармактык бөлүмдө алардын көпчүлүгү унаа жасоо, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканаларынан келген.

 

Арстан Сагиев, «QAZINDUSTRY» казакстандык индустрия жана экспорт борбору АК бизнести шыктандыруу дирекциясынын башчысы:   

 

QazIndustry чыгымдарды калыбына келтирүүнү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен ички рынокто товарларды жана кызматтарды алдыга жылдырууну көздөйт. Андыктан биз бизнес-коомчулукту, даяр өнүм чыгарган ишканаларды QazIndustry сунуштаган жана онлайн режиминде колдонулган шыктандыруучу каражаттарды колдонууга чакырабыз. Ошондой эле, эгерде сизде чыгымдардын ордун толтуруу боюнча суроолор болсо, кеңеш алууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков