Астанада өтүп жаткан шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында уникалдуу билим берүүчү «Chess Legends» мобилдик тиркемеси тааныштырылды. Жасалма интеллект менен иштеген платформада дүйнөнүн 14-чемпиону Владимир Крамник менен дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, аялдар рейтингинде дүйнө лидери Ифан Хоунун видеосабактары жайгаштырылган. Машыгуу методикасын ФИДЕнин улук машыктыруучусу, Индиянын, Испаниянын жана Казакстандын башкы машыктыруучусу Евгений Владимиров жетектеген команда иштеп чыккан. Тиркеме - дүйнөнүн каалаган жеринде, колдонуучуларга акысыз жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.
Куаныш Сулейман, Шахмат тиркемесинин долбоордук менеджери:
- Биздин максатыбыз – дүйнө жүзүндөгү балдарга билимдин негизинде жакшы сапаттагы мазмунга ээ болууга шарт түзүү. Бул мобилдик тиркеменин уникалдуулугу биз ар бир колдонуучуга жеке окуу планын тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууда болуп саналат. Башкача айтканда, ар бир колдонуучу өзүнүн оюндарына, анын көйгөйүн чечүүгө, видеолорду көрүү жана башка ушул сыяктуу талдоолорго ээ болот. Демек, мындай колдонуучу үчүн, биз аларга керектүү материалдарды беребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков