Виктор Цойдун өнөрүнө суктангандар буга көз жумуп коюшу мүмкүн эмес. Чыгарманын автору Марина Асеми белгилүү рок-музыканттын концертине барып, анын чыгармачылыгына ашык болуп калган. Ошентип, ал алты айдын ичинде портрет-куурчакты жасап чыкты.
Марина Асеми, куурчак жасоо чебери:
- Куурчакты жасоо бир нече этаптан өтөт. Биринчи кезекте 500гө жакын референс чогултуп алам. Андан кийин айкелди баштайм. Канчалык оңой угулса да, бул түйшүктүү, эмгекти көп талап кылган аналитикалык процесс.
Алматыда дизайнерлердин куурчактар менен оюнчук мамалактардын эл аралык көргөзмөсү өттү. Ага Казакстандан жана КМШ өлкөлөрүнөн 50дөн ашык чеберлер катышып, 200гө жакын экспонат коюлду. Мыкты сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр чогулган элге өз коллекцияларын тартуулап, куурчак жасоо өнөрүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүштү. Бардык эле авторлор кол өнөрчүлүк боюнча адис эмес. Алардын арасында дарыгерлер, юристтер, менеджерлер да бар. Ал эми экспонаттар полимердик чопо, текстиль, кийиз, фарфор сыяктуу түрдүү материалдардан жасалган.
Татьяна Семенова, уюштуруучу:
- Бул биздин ата-бабаларыбыздын текчелерине койгон айкелдердин заманбап интерпретациясы. Бүгүнкү технология таптакыр башкача. Алгач 3D моделдин сүрөттөрү түзүлүп, андан кийин фарфор куюлат.
Ирина Ряполова, көргөзмө коногу:
- Костюмдар, образдар, баары фантастикалык! Мага жакты. Жада калса бут кийимдердин өзү да чоң эмгек менен жасалганы көрүнүп турат.
Белгилей кетсек, Ата мекендик куурчак театрынын чыгармачылык биримдиги Москвада өтө турган көргөзмөгө барып, жаңы коллекциясын көрсөтүүнү пландоодо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков